Той жана аш чакыруусу — бир шилтемеде

Коноктор WhatsApp аркылуу ачышат, жолду картадан табышат жана келерин бир басуу менен билдиришет.

21 шилтеме жөнөтүлдү — 124 киши ачтыКоноктор чакырууну туугандарына өздөрү жөнөтөт

Кантип иштейт — 1 мүнөт
Ар бир окуяга

Тойдун түрүнө жараша

Үйлөнүү той

Мөөрлүү конверт, жубайлардын аттары, жаштарга белек жана каалоолор.

Мисалды көрүү →
Сүннөт той · Бешик той · Юбилей · Кыз узатуу

Бир же бир нече ат. Сөздөр тойго ылайык: той ээлерине белек, каалооңуз.

Мисалды көрүү →
Аш

Тынч түстөр, атанын же апанын сүрөтү, бата-дуба. Той сөздөрү жок — баары урмат менен.

Мисалды көрүү →
Тааныш болсо керек

Той алдындагы үч түйшүк

«Кайда экен?» деген чалуулар

Дарек сүрөттө жазылган, бирок аны басып картадан ача албайсың.

Канча стол керек — белгисиз

Отуз кишиге жаңылсаң, эч ким жебеген тамакка акча кетет.

PDF ачылбайт

Улгайган конокторго жиберилген файл көп телефондо ачылбай калат.

Чечим

Бир шилтеме — баары ичинде

Конок басат — аттар, күн, тойкана, жол, программа ачылат. «Барам» деп басып, канча киши келерин жазат. Сиз каалаган убакта так санды көрөсүз.

Мисалды ачуу

Бир мүнөт кетет

Ичинде эмне бар

Ар бир сайтта

Конокторду эсептөө

Ким келерин ырастайт. Тойканага айта турган сан пайда болот.

Үч тил

Кыргызча, орусча, өзбекче. Конок өзү тандайт.

Жол көрсөтүү

2ГИС жана Google карта. Чалуулар бүтөт.

Мындан тышкары

Тойго калган убакыт · Тойдун тартиби · Кошумча которуу үчүн QR · Достор менен бөлүшүү · Календарга кошуу · Ар бир жооп Telegram аркылуу келет · Тойдон кийин конокторуңуздун каалоолору сакталып калат

Той ээлерине

Сиз эмне аласыз

Өз баракчаңыз

Жеке шилтеме. Каалаган убакта ачып, ким келерин, канча кишиси менен келерин жана каалоолорун көрөсүз. Тойканага көрсөтүү үчүн PDF кылып сактай аласыз.

Telegram бот

Ар бир жооп ошол замат телефонуңузга келет: ким, канча киши, эмне каалады. Эч кайда кирбей эле билесиз.

Отчёттун мисалы
41
киши чакырууну ачты
24келет
5ойлонуп жатат
1келе албайт
Коопсуздук

Маалыматыңыз кимде

Жооптор сиздики

Конокторуңуздун аттары, телефондору жана каалоолору сизден башка эч кимге көрүнбөйт. Биз аларды эч кимге бербейбиз жана сатпайбыз.

Шилтеме жеке

Баракчаңыздын дареги табылгыс: аны билбеген адам ача албайт. Башка тойлордун жооптору сизге да көрүнбөйт.

Конок эч нерсе бербейт

Гость катталбайт, сыр сөз ойлобойт, эч нерсе орнотпойт. Атын жазып, «Барам» деп басат — болду.

Кантип болот

Үч кадам

  1. 1
    Маалымат бересиз

    Аттар, күн, тойкананын дареги.

  2. 2
    Биз жасайбыз

    Эки сааттын ичинде. Көрүп, оңдотуп аласыз.

  3. 3
    Жөнөтөсүз

    WhatsApp, Instagram — каалаган жерге.

Баасы

Баасын телефон аркылуу айтабыз

Баасы окуяга, тилдердин санына жана кооздолушуна жараша. Жазыңыз же чалыңыз — эки мүнөттө айтып беребиз.

Баасын билүү Чалуу · +996 558 03 04 92
Суроолор

Көп берилген суроолор

Улгайган конокторго татаал эмеспи?

Жок. WhatsApptagы кадимки шилтеме сыяктуу ачылат, эч нерсе орнотуунун кереги жок. Үй-ээлеринин телефондору да сайтта турат — кимде-ким кааласа, чалып койот.

Канча убакытта даяр болот?

Көбүнчө эки сааттын ичинде. Маалыматты берип, ошол эле күнү шилтемени ала аласыз.

Жөнөткөндөн кийин өзгөртсө болобу?

Болот. Шилтеме ошол бойдон калат, ичиндеги маалымат гана жаңырат. Тойго чейин акысыз оңдойбуз.

Сүрөтсүз болобу?

Болот. Адамдын сүрөтү жок өзүнчө вариант бар — оюм жана жазуу гана.

Акысыз конструктордо өзүбүз жасасак болобу?

Болот, эгер сизге сүрөт эле керек болсо. Бирок ал жерде конокторду эсептөө жок: ким келерин жана канча киши экенин эч ким жазбайт, сизге сан чыкпайт. Дареги да бөтөн болот, үч тилди бир баракта которо албайсыз. Биз болсо сайтты өзүбүз жасайбыз, сиз жөн гана шилтемени жөнөтөсүз.

Шилтеме качанга чейин иштейт?

Тойдон кийин бир жыл. Кааласаңыз, аны сүрөт альбомуна айландырабыз.

Аш үчүн да жасайсыздарбы?

Ооба. Тынч түстөр, атанын же апанын сүрөтү, бата-дуба. Баракта «той», «жаштар» деген сөздөр болбойт. Ким келерин алдын ала билесиз — казанды эсептөө оңой.

Чакырууну бүгүн баштайлы

Аттарды жана күндү жазыңыз — бүгүн эле кандай болорун көрсөтөбүз.

WhatsApp жазыңыз

+996 558 03 04 92

WhatsApp жазыңыз